«Өнүгүү-Прогресс» партиясы дыйкандарга жардам көрсөтүү максатында Түркиядан айыл чарба шаймандарын алып келди

«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы айыл чарбасында дыйкандарга жакындан жардам көрсөтүү максатында Түркия мамлекетинин өндүрүшүнөн чыгарылган айыл чарба шаймандарынын жети түрүн алып келди. Бул тууралуу 27-майда аталган партиядан кабарлашты. 

Анда дан эгүүчү шаймандын төрт түрү жана чөп оруучу, чөп таңгактоочу жана уруктук буудай тазалоочу шаймандар бар. Дан эгүүчү шаймандын жардамында картошка, буудай, жүгөрү, пахта жана башка бардык дан эгиндерин так жана коромжусуз эгүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Партиянын техникалык сервиси учурда Ош жана Жалал-Абад облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа, Араван, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука жана Шамалды-Сай шаарчасынын эгин талааларында иштеп жатышат.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун дыйкандары да убакыттан уттурбай үрөнүн жерге таштап калуунун аракетинде. Бул өнөктөштүккө “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы дыйкандарга жакындан жардам берүү максатын көздөп, Германия жана Түркия мамлекеттеринен жаңы техникаларды алып келди.  

«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы Кара-Суу районуна да техникалык сервис ачып, алты трактор жана айыл чарбасына керектүү техникалык шаймандарды бөлүп берди. Адистердин маалыматына ылайык, Түркия мамлекетинен жаңы алынып келинген дан таштоочу шайман бир гектар жерге 65 миң даана дан таштайт. Жер ээлеринин макулдугу менен 25 см аралыкта дан ташталууда. Үрөн, убакыт үнөмдөлүп, жумушчулар кол күчүнөн бошонушат. Андыктан мындай техника көбөйсө деген ойлорун ортого салышты дыйкандар. Аталган техникалар күнүнө 20 гектардан жерге дан таштап, ошол учурда артынан бекемдеп кетүүгө үлгүрүүдө. 

Ал эми учурда Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун дыйкандары партиянын техникалары аркылуу жаздык айдап-себүү жана дары чачуу иштерин кызуу жүргүзүүдө. Техникалардын кызматы жергиликтүү баадан бир топ жеңилдетилген баада көрсөтүлүп, карапайым баба-дыйкандардын үй-бүлөлүк бюджетине байкаларлык салым кошууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан