Ооганстан президенти Хамид Карзайдын Барак Обамага жолугуудан баш тартканы кызуу талкуу жаратты

Ооганстандын өлкө башчысы Хамид Карзай Баграмдагы аскердик базага күтүүсүз келген АКШнын президенти Барак Обама менен жолугушуудан баш тартты. Бул тууралуу бир катар ММКлар жарыялашты. АКШнын басылмалары Обама үчүн мындай жооп күтүүсүз болбогонун жазып чыгышты.

Ооганстан президентинин расмий сайтында “АКШнын Кабулдагы элчилиги 25-майда Ооганстан президентинин аппаратына Баграмдагы аскерий базага эки тараптуу жолугушууну уюштуруу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок бул сунуштан Хамид Карзай баш тартып койгон” деп айтылат.

Обаманын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысынын орун басары Бен Родс буга чейин Карзай АКШ лидери Обама менен жолугушууну сунуштаганын айткан. Бирок Обама Карзай менен жолугушуудан баш тарткан.   

Ал эми Обама ушул жылдын соңунда Ооганстандагы америкалык аскерлерди толугу менен өлкөдөн чыгарып кетерин айтты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан