Бүгүн, 26-майда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда министр өлкө башчыга келерки жылуулук берүү сезонуна болгон даярдыктар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле калкты газ менен камсыз кылуу маселелери жөнүндө айтып берди. Мындан сырткары электр тармагындагы жоготуулардын алдын алуу багытындагы иш-аракеттер тууралуу маалымдады.
Президент Алмазбек Атамбаев энергетикалык долбоорлордун ишке ашуусун көзөмөлдөө жөнүндө айтып, электр энергиясы менен камсыз кылууда коопсуздук маанилүү экенин баса белгиледи.
Өкмөттүн тарифтик саясатын өзгөртүү боюнча демилгесине келгенде Алмазбек Атамбаев мындай чаралар терең иликтөөнү талап кыларын жана эгерде ал чаралар калыс болсо, калкты социалдык жактан коргоо толук ишке ашса, азыркы коррупциялык схемаларды түп тамыры менен жоюп, жаңыларынын түзүлүшүнө жол бербеген учурда гана эл тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигин баса белгиледи.