Бишкекте "айдоочуну муунтуп, тоноп кеткен" деген шек менен 24 жаштагы жаран колго түшүрүлдү

Бишкекте "айдоочуну муунтуп, тоноп кеткен деген" шек менен 24 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Мындай маалыматты бүгүн, 26-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, "Аламүдүн" базарынын жанынан 41 жаштагы Эрнисти өз унаасында белгисиз адамдар күч колдонуп муунтуп, унаадагы акчасын алып качып кетишкен. Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Данияр аттуу жаран кармалган. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан