КРнын Мамлекеттик геология агенттигинин жооптуу кызматкерлери боюнча кылмыш иши козголду
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы КРнын Мамлекеттик геология агенттигинин жетекчилигинин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын ачыктады. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында аталган агенттиктин мурунку директору Учкунбек Ташбаевдин катышуусу менен мыйзамсыз түрдө ишке орношуп, айлык алып жүргөн жаран белгилүү болду. Бул факты боюнча учурда кылмыш иши козголуп, аталган кызматтын статс-катчысы Н.Эшназаров, кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси Э.Абдыкадыров жана Учкунбек Ташбаевдин кеңешчиси А.Жакыпова айыпталууда.