Айыл чарба министрлиги: Сугат суусун көзөмөлдөө штабы түзүлдү

Бүгүн, 26-майда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин аппараттык жыйынында министр Таалайбек Айдаралиев сугат сууларын көзөмөлдөп туруу максатында мекеменин жетекчи-адистеринен турган штаб түзүлгөнүн билдирди. 

"Штабдын мүчөлөрү өз иштерин биринчи ирет Чүй облусунан баштады. Министр өткөн ишемби, жекшемби күндөрү өзүнө бөлүнгөн Чүй облусунун Кемин районун кыдырып чыгып, райондо себилген кылкандуу дан эгиндерине сугат суулары жетиштүү деңгээлде жеткирилип жатканын айтты. Бирок айрым бир мүчүлүштөр бар экенин белгилеп, булар ички каналдар аркылуу суу эгин талааларына толук жетпей жатканын билдирди" деп айтылат Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында.  

Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясынын директору Руденко Вячеславдын айтымында, Ысык-Ата району боюнча сугат суусун берүү өз деңгээлинде жүрбөй жатат. Кылкандуу дан эгиндерин сугарууда сугат иши түнкүсүн жүрүүдө, бирок жер-жемиштерди түнкүсүн сугарууга болбой турганын белгиледи.

Министр Таалайбек Айдаралиев: "Айыл аймактарындагы ички суу каналдарында суунун жетишсиз болуп калганы суу каналдарынын жакшы тазаланбай жана бузулуп калышынан болуп жатат. Бул маселени министрликтин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев ошол айыл аймактардагы Суу пайдалануучулардын ассоциациясы менен бирге иш алып баруусу керек",- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан