Алтай аймагынан Кыргызстандан ташылып бара жаткан алмалардын ичинен 200 килограмм героин табылды

Алтай аймагынын укук коргоочулары тарабынан Казакстан менен Орусиянын чек арасынан Кыргызстандан ташылып бара жаткан 48 коробка алманын ичинен 200 килограмм героин табылды. Бул тууралуу бүгүн, орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, алма жүктөлгөн КамАЗ Казакстандын мамлекеттик номеринде болгон. 48 коробка алманын ичинен 956 даана шар формасындагы баңгизат табылып, анын мыйзамсыз ташылып бара жаткандыгы аныкталган. Экспертизадан табылган заттын героин экендиги аныкталган. 

Учурда буга шектүү катары Кыргызстандын эки жараны, Орусиянын бир жараны кармалды. Ал эми КамАЗдын айдоочулары, Казакстандын эки жараны камакка алынды. Бул топтун дагы бир активдүү мүчөсү Кыргызстандан изделүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан