2005-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанга 405 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүптүр

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңеште “Бириккен Улуттар Уюму жана Кыргыз Республикасы: туруктуу өнүктүрүү кызыкчылыгындагы өнөктөштөр” темасында угуу өттү. Анда Жогорку Кеңештин депутаттары менен БУУнун Кыргызстандагы мекемелеринин жетекчилери жолугушуп, өлкөдөгү көйгөйлөр, аларды азайтуунун жолдору талкууланды.

Иш-чарада депутаттар Каныбек Иманалиев, Асия Сасыкбаева сөз сүйлөп, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн ишмердүүлүгүн белгилешти.

БУУ тутумунун туруктуу координатору, БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө БУУ тутумунун кошкон салымы боюнча маалымат берди. Айтымында, Кыргызстанда БУУнун 21 мекемеси, аймактарда 79 кеңсеси бар. Алардын негизги ишмердүүлүгү балдардын, аялдардын жана жаштардын укуктарына басым жасоо экени айтылды. 

2005-2014-жылдар аралыгында БУУ Кыргызстанга 405 миллион доллар өлчөмүндө гранттык жардам көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан