Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн делегациялары ушул аптада жолугушуу өткөрөт

Ушул апта ичинде Баткен облусунда Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү менен Тажикстандын делегациясы жолугушат. Бул тууралуу аталган министрликтин статс-катчысы Максат Дыйканов бүгүн, 26-майда SUPER.KG порталына билдирди.

Айтымында, эки тарап жолугушуп, Баткендеги Ак-Таш - Көк-Сай - Тамдык унаа жолунун курулуш иштерине байланышкан көйгөйлөрдү талкуулашат.

“Мындан 10 күн мурун вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган топ Тажикстандын өкмөтү менен жолугушуп, бир катар документтерге кол коюп келишти. Анда Ак-Таш - Көк-Сай - Тамдык жолунун курулуш иштери тууралуу да документке кол коюлду. Ушул апта ичинде эки тарап биргеликте жолдун курулуш иштерине байланыштуу долбоорду карап, жолду кайсы жерге чейин салабыз, кайсы жер тажиктер тарапка тиешелүү экенин тактайбыз. Ошондон кийин жолдун курулуш иштери башталат”, - деди Дыйканов.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан