Ош шаарында жаратылыш газы былтыркыдан кымбат бериле баштады
Ош шаарында калкка жаратылыш газын берүү туруктуу уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык чарба башкармалыгынын жетекчиси Маматкалык Аматов билдирди. Анын айтымында, учурда шаарда газ берүүнүн көлөмү саатына 6 миң метр куб, суткасына 122 миң метр кубду түзүп, акыркы эки күндө газ берүү жакшырган. Аматов ошондой эле 2013-жылга газды үзгүлтүксүз берүү маселеси боюнча өзбек тарап менен келишим түзүлгөнүн билдирди. Ош шаарынын тургундары 2013-жылдын 1-январынан баштап 1 метр куб газ үчүн 14,75 сомдон төлөп баштады. Бул былтыркыга салыштырмалуу 0,02 сомго кымбат.