Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында “Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамаатынын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, Кыргызстанга 20 миллион доллар каражат бөлүнүп жатат. Ал акча өлкөнүн айыл чарба тармагын бекемдөө, анын ичинде дыйкандарга лизинг менен бериле турган айыл чарба техникаларын сатып алууга жумшалат.
Талкуу жыйынтыгында бул мыйзам долбоорун талдоо жүргүзгөнгө чейин токтотуп туруу чечими кабыл алынды.