Бишкекте жашы жете элек өспүрүм тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.
Маалыматтарга таянсак, Диминар аттуу мектеп окуучусунун уюлдук телефонун Даврон аттуу 14 жаштагы өспүрүм күч колдонуп тартып алган. Бул тууралуу Диминардын апасы милиция кызматкерлерине билдирген соң укук коргоо кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Даврон аттуу өспүрүм кармалган. Ал апасынын коштоосунда милиция бөлумүнө алынып келинген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.