Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети “2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык кеңешинин катчылыгынын каржы эрежелери боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун колдоду. Мындай чечим комитеттин 26-майдагы жыйынында кабыл алынды.
Маселе боюнча баяндама жасаган каржы министри Ольга Лаврова түрк тарап 2017-жылга чейин аталган уюмга Кыргызстандын мүчөлүк акысын жабууга даяр экенин билдирди.
Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 1-окууда колдоп беришти.