Бишкекте кечээ, 25-майда №4-төрөт үйүндө ымыркайдын өлүмү катталды. Ымыркайдын ата-энеси баланы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө макулдугун берген эмес жана баласынын өлүмүнө дарыгерлер күнөөлүү деп жатышат. Ымыркайдын энеси Нурзада Садырбаева баласынын өлүмү дарыгердин шалаакылыгынан улам экенин SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, чарчап калган ымыркай ай-күнүнө жетпей туулган. Бирок дарыгерлер ымыркайда нормадан тайган кубулуштар жок экенин айтышкан. Кийин ымыркай саргарып кеткенден улам аны балдар патологиясы бөлүмүнө которушкан. Дарыгерлердин дайындоосунун негизинде ымыркай дары тамчылаткыч аркылуу кан тамырынан глюкоза жана антибиотик дарыларын алып жаткан. Кезектеги дары тамчылаткыч аркылуу дары алып жаткан учурда бала көгөрүп жана дем албай калган.
Ымыркайдын денесин соттук-медициналык экспертизага берүүдөн туугандары баш тартышып, денесин жерге берүү үчүн төрөт үйүнөн алып кетишкен.