Мамлекеттик бажы кызматынан 2013-жылы 14 кызматкер иштен айдалган. Муну Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы күрөшүү, ЖКнын Регламент жана депутаттык этика комитеттеринин 26-майдагы биргелешкен жыйынында аталган кызматтын жетекчиси Адамкул Жунусов билдирди.
Айта кетсек, комитет жыйынында Мамлекеттик кадр кызматында жана анын аймактык өкүлчүлүктөрүндө, Мамлекеттик салык жана Мамлекеттик бажы кызматтарында “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” жана “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы талкууланууда.