Свердлов райондук аймактык казыналык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери соттолушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Свердлов райондук аймактык казыналык бөлүмүнүн мурунку жетекчиси С.Э. жана ошол эле мекеменин башкы адиси Б.А. кылмыштуу келишимге барышып, 2010-жылы кызмат абалдарынан пайдаланып, мыйзамсыз жазылган банк чектери менен Свердлов райондук аймактык казыналык бөлүмүнүн эсебиндеги 8 миллион 780 миң сомду уурдап алышкан. Бул окуя боюнча С.Э. жана Б.А. аттуу жарандарга карата кылмыш иши козголгон болчу.
Соттун чечими менен С.Э. үй-мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратылып, ага мамлекетке 4 миллион 101 миң сомду кайрып берүү милдеттендирилди. Ошондой эле “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 65 жылдыгына карата мунапыс жөнүндөгү” КРнын мыйзамына ылайык жаза өтөө мөөнөтү кыскартылды.
Ал эми Б.А. аттуу жаранга карата кылмыш жоопкерчилигине тартуу убактысы аяктагандыгына байланыштуу жаза каралган жок.
Өкүм Свердлов райондук соту тарабынан угузулуп, С.Э. жана Б.А. аттуу жарандардан мамлекетке зыян келтирилген 4 миллион 679 миң сомду төлөтүп алуу зарылдыгы айтылды.