Ош шаарында аксакалдар сотунун таасирин, билим деңгээлин көтөрүү максатында иш-чаралар уюштурулууда
9-январдан баштап Ош шаарында аксакалдар сотунун таасирин күчөтүү, билимин тереңдетүү максатында иш-чаралар, тренингдер өткөрүлүп баштаганын шаардык мэрия билдирди. Иш-чарага мэрия өкүлдөрү, жергиликтүү лидерлер жана укук коргоочулар катышууда. Катышуучулар белгилегендей, аксакалдар сотунда билим деңгээлинин жетишсиздиги бар. Ал эми аксакалдар сотунун мүчөлөрү алардын айлык акысы аздыгын, атайын имараттын жана документ сактоочу сейфтин жоктугу сыяктуу бир катар көйгөйлөрүн билдиришүүдө. Тренингдин катышуучулары аксакалдар сотуна көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун, кайсы учурда кимге кайрылуу керектиги тууралуу маалыматтарды берип жаткандыгын билдирет мэриянын басма сөз кызматы.