Мамлекеттик салык кызматы Экономика министрлиги менен бирге 24-майда Ысык-Көлдө көчмө жыйын өткөрдү. Анда курорттук ден соолукту чыңдоо мекемелеринин ишмердүүлүгү, салык төлөөсү жана быйылкы туристтик сезонго даярдыгы талкууга алынды. Жыйынга экономика министри Темир Сариев, Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Замирбек Осмонов, облус жетекчилиги жана башкалар катышканын билдирет Мамлекеттик салык кызматы. Осмонов мекеменин ишин автоматташтыруу, салык тармагын алдынкы стандарттарга өткөрүү аракети тууралуу маалымат берип, "бул иш-чаралар салык төлөөчүлөргө жакшы шарт түзүп берүүгө багытталууда" деп билдирди.