Бүгүн, 26-майда парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин отурумунда БУУ менен Кыргызстандын өнөктөштүгү жана мындан аркы кызматташуу маселеси талкууланды. Анда өзгөчө тамак-аш коопсуздугу, жакырчылыкты жоюу маселелери каралды.
БУУнун "Дүйнөлүк азык-түлүк" программасынын өкүлү Рам Сараванамутту кыргызстандыктарды калориялуу тамактанууга чакырды. Ошондой эле тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу өкмөткө атайын программа иштеп чыгууну сунуштаарын айтты. Ал эми техникалык колдоо көрсөтүүгө аталган уюм даяр экенин кошумчалады. Депутат Айнуру Алтыбаева жакырчылыкты жоюуда айрыкча аймактар менен иш алып баруу керектигин белгиледи.