Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз парламенти тарабынан ушул жылдын 23-апрелинде кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоочулар менен иштөөсү жана өз ара аракети жөнүндө жобо» депутаттардын жарандык коом менен өз ара аракетин жакшыртууга жана мыйзам чыгаруу органына карата элдин ишенимин жогорулатууга өбөлгө түзөрү тууралуу пикирлер айтылды.
Бет ачарлар «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аймактык деңгээлде жарандык коом менен өз ара аракетин бекемдөө демократия үчүн Вестминистер фондунун колдоосу менен өттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.