Кыргызстанда кыймылсыз мүлк сатуу, сатып алуунун көлөмү 2014-жылдын апрель айында 8,5 пайызга өстү (март айына салыштырмалуу). Муну Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Атап айтсак, апрель айында өлкөдө турак жай боюнча 7514 сатуу, сатып алуу келишими түзүлгөн.
Кыргызстанда 2014-жылдын январь-апрель айларындагы сатуу, сатып алуунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 8,3 пайызга жогору экени айтылды. Бул тармакта Чүй облусу алдыда. Андан кийинки орунда Бишкек шаары, Ош, Жалал-Абад облустары турат.