* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы өлкөдөгү бийликтин туруксуз саясатына нааразы болгон "Реформа үчүн" кыймылы Бишкек шаарында тынч митинг өткөргөн. Митингде 10 пункттан турган резолюция кабыл алынып, эгер алар күзгө чейин аткарылбаса, Бакиев-Кулов тандеминин кызматтан кетүүсүн талап кылары айтылган. “Реформа үчүн” кыймылдын жетекчилеринин бири жана митингди алып барган М.Эшимкановдун айтымында, митингге 30 миң чамалуу адам катышкан. * Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы
Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө - Кабылан-Көл унаа жолунун 16-чакырымына саат 06:00 чамасында жалпы көлөмү болжол менен 1500 метр куб болгон жер көчкү түшкөн. Жер көчкүнү тазалоого Транспорт жана коммуникация министрлигинин жолдорду эксплуатациялоочу мекемеси тарабынан 1 даана жүктөгүч жөнөтүлгөн.
* Мындан 367 жыл мурун, 1647-жылы Америка Кошмо Штаттарынын Массачусетс штатында биринчи жолу жез кемпир деп күнөөлөнүп Ача Янг аттуу аял асып өлтүрүлгөн.
* Мындан 21 жыл мурун, 1993-жылы Орусияда гомосексуалисттерге карата кылмыш ишин козгоо токтотулган.