10-январь күнү Талас районунун жергиликтүү тургуну К.Н. ок-дары таап алганын айтып РИИБге алып келди. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов билдирди. Аталган жаран Талас районунун Көк-Кашат айылында кой кайтарып жүрүп талаадан баштыкка салынган 3 даана магазин жана 44 даана ок-дары таап алган.