20-майдан 25-майга чейин Нарын облусунда “Капкан” операциясы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.
Маалыматка караганда, операциянын жүрүшүндө мурда катталган 17 кылмыштын бети ачылган. Уурулук – 8, мал уурулук – 2, алдамчылык – 1, диний-экстремисттик маанайдагы материалдарды сактоо – 6. Ошондой эле наркоман, таксикоман катары каттоодо турушкан 27 адамга профилактикалык иштер жүргүзүлдү.