Бүгүн, 26-майда КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолугушту. Анда өкмөт башчы элчини Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өткөн экономикалык форумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.
Премьер-министр Сауд Арабия падышалыгы аймактык жана эл аралык саясатта иш алып барууда Жакынкы Чыгыштагы ири каржылык жана экономикалык борбор болуп саналарын белгилеп өттү.
Жоомарт Оторбаев өлкөлөр аралык жогорку деңгээлдеги жолугушууларды жандандыруу маанилүүлүгүн айтып, экономикалык кызматташуу кыргыз-сауд мамилесиндеги приоритеттердин бири экенин белгилеп өттү. Өкмөт башчы Сауд Арабияда өтүүчү Кыргызстандын Маданият күндөрү 2013-жылда өткөн иш-чара сыяктуу ийгиликтүү өтүшүнө ишенерин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.