Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин мындан аркы иши жөнүндө келишим ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев "2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө КРнын Өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган бул мыйзам менен КРнын Тышкы иштер министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргызстан аткаргандыгы жөнүндө түркиялык тарапка кабарлоо милдети тапшырылды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан