Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү кирди
Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган. Ага ылайык, бир троялык унция алтындын баасы 1300 доллардан төмөн болгондо тоо кендерин иштетүүчү жана тоо-металлургиялык ишканалардын киреше салыгынын ставкасынын төмөнкү чеги белгиленет. Салык кодексинин 221-1-беренесинин азыркы редакциясында киреше салыгынын төмөнкү ставкасы бир троялык унция алтындын баасы 1201ден 1300 долларга чейин каралган. Андыктан бир троялык унция алтындын баасы 1200 доллар болгондо киреше салыгы төлөнбөйт. Өзгөртүүлөрдү киргизүү алтынга болгон дүйнөлүк баалардын төмөндөшүнө байланыштуу Кыргызстандын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүндө жоготууларга жол бербөөгө багытталганы айтылды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.