Бүгүн Чүй облустук сотунда Шахида Аманбаеванын иши каралат

Бүгүн Чүй облустук сотунда 3,5 жылдан бери соттун өкүмүн күтүп келе жаткан Шахида Аманбаеванын иши каралат. Бул тууралуу анын жактоочусу Күмүшбек Ыбыкеев бүгүн, 27-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 20-май күнү облустук сот Шахида Аманбаева, Урмат Аскеев жана Алишер Жумашевдин ишин караган. Бирок мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү менен сот отуруму 27-майга белгиленген эле.

Айта кетсек, Шахида Аманбаева 22 жашта. Ал 2010-жылдын 10-декабрында "адам өлтүрүү фактысына катыштыгы бар" делип камакка алынган. Ошондон бери соттун өкүмүн күтүп келет. Учурда ал жакшы сүйлөй албай, баса албай калган.

Эске сала кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Бул адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев, 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева кармалган.

Соттун өкүмүн күтүп баса албай, сүйлөй албай калган Шахиданын абалы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
demo009
2014-05-27 11:16:43
Жараткан Алла Шахидага өзуң жолдош бол,ылайым акталып чыкса экен.
0
Eliza761024
2014-05-27 15:42:16
соттордун оозун олтургон адамдар акча мн басып жатышат да.бутундой кыргыз эли бул нерсе учун аягына чыгуу кк.соттордун озулорунун кызы ушундай акыбалда калса ошондо корот элем.энесине куч кубат берсин!чындыкты такташына тилектешмин.ким кунолуу болсо кудай жазаласын!
+1
tynara1983
2014-05-27 18:20:46
Шахидага кудайым куч кубат берип айыгып кетсин. Эки буттуу уч айбанды кудайым озу жазаласын, кудайым деп айткандан башка айла жок, кыргызстанда сот туура чечим чыгарсын десен деле СОТ акча менен чечим чыгарат .
0
mamashov-emil
2014-05-27 18:27:02
bul menen chogu shektelip karmalgan baldar kaijakta azyr?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан