Москвадагы көмүскө сойкуканалардын биринен кыргызстандык айым кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн бири милиция кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында көмүскө сойкукана табылып, 2 айым кармалган. Алардын бири 33 жаштагы кыргызстандык айым болгон. Ошондой эле “сойкукана уюштурган” деген шек менен 28 жаштагы Орусиянын жараны кармалды. Учурда ага кылмыш иши козголду. Ал эми интимдик кызмат менен алектенген эки айымга айып пул салынды.