Араван районунда сел жүрүп, сел калдыктары унаа жолун бууп калды

Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында 26-май күнү саат 17:00 чамасында жүргөн селдин кесепетинен Культцентр - Чөгөм - Загара унаа жолу сел калдыктарына толуп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-майда билдирди.

Маалыматка караганда, сел калдыктарынын болжолдуу көлөмү 500 метр кубду түзөт. Учурда унаа жолду сел калдыктарынан тазалоо боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле селдин кесепетинен Культцентр - Кичи-Алай унаа жолунун 13-чакырымы да сел калдыктарына толуп калган. Учурда унаалар кыйынчылык менен өтүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан