Ош. Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Таш - Папан -Кожо-Келең унаа жолунун аралыгы сел калдыктарына толуп, унаа жолун тосуп калды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагында кечээ, 26-майда саат 17:00 чамасында Кара-Кур айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ак-Таш - Папан - Кожо-Келең унаа жолунун 61-62-чакырымдарынын аралыгы сел калдыктарына толуп, унаа жолун тосуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолдон унаалар кыйынчылык менен өтүүдө. Сел калдыктарынын болжолдуу көлөмү 1200 метр кубду түзөт.

Учурда жолду сел калдыктарынан тазалоо боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aselina_kg
2014-05-27 11:23:07
Кудайга шугур эчким жабыркабаптыр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан