“Кыргызстан агрардык мамлекет болгондуктан, экономиканын илимий тармагын өнүктүрүү зарыл” деп айтты бүгүн, 27-майда Нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин отурумунда КРнын Вице-премьер-министри Валерий Диль.
Иш-чаранын жүрүшүндө аталган кеңештин башчысынын орун басары, Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборунун Молекулярдык биология институтунун башчысы Алмаз Алдашевдин айтымында, нанотехнологияларды өнүктүрүүдө бир топ көйгөйлөр бар. “Биринчиден, нанотармакты өнүктүрүүдө багыттын жоктугу. Экинчиден, акча каражаттын бөлүнбөгөндүгү. Биздин окумуштуулар Орусияга же башка чет өлкөлөргө барууга муктаж болууда. Мисалы, профессор Суйлеманкулова акыркы 10 айдан бери Польшада наносорбент боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүдө”,- деди ал.