Борбордо 58 жаштагы айым "Дордой" базарындагы контейнерлердин биринен 43 миң сомго бааланган мүлктү уурдап кеткен" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, "Дордой" базарында ишмердик кылган Алексей аттуу жаран соода контейнеринин эшигин ачып, белгисиз адамдар 43 200 сомго бааланган мүлкүн уурдап кеткендигин укук коргоо кызматкерлерине билдирген.
Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 58 жаштагы Айша аттуу тургуну кармалган. Азыркы тапта аталган окуя боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.