Бишкекте эки кызды зордуктаган деген шек менен Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун 23 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, январь айынын башында 29 жаштагы айым бир жигит менен таанышат. Көп өтпөй, 8-январь күнү саат 23:00дө ал жигит кыз жашаган үйгө мас абалында келип, аны бычак менен коркутуп зордуктайт. Бирок жабырлануучу милицияга кайрылган эмес. Эртеси күнү ошол эле жигит аталган кыздын үйүнө келип жабырлануучунун 24 жаштагы курбусун зордуктайт. Андан соң жабырлануучулар Ленин РИИБине арыз менен кайрылышып, укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүү жаранды кармашты. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.