Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу жол-кайгуул кызматкерин сүзүп, качып баратып кармалды

Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу жол-кайгуул кызматкерин унаасы менен сүзүп, качып баратып кармалды. Бул маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-майда билдирди.

Кечээ, 26-майда Киев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кыймылын жөнгө салып жаткан МАИ кызматкерин Мерседес-Бенц маршруттук таксинин айдоочусу болгон Мирлан аттуу жаран сүзүп кетип, окуя болгон жерден качып жөнөгөн. 

Окуяга күбө болгон жарандардын жардамы менен аталган айдоочу Логвиненко көчөсүнөн ЖКК кызматкерлери тарабынан кармалып, унаа айып жайына токтотулду. Ал эми жабыр тарткан МАИ кызматкери ооруканага кайрылганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zman53
2014-05-27 11:38:46
Мериядан сураныч - автобус,тралейбустарды кобуроок алып келип,бусиктерди алып таштасанар жакшы болот эле.Бишкекте жол эрежелерин бузгандар,так ушулар.
+3
chyngyz84
2014-05-27 12:14:57
zman53, Туура айтасын, менда кошулам!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан