Жогорку Сот Ахматбек Келдибековду 27-июнга чейин баш коргоо чарасы менен абакта калтыруу боюнча чечимди күчүндө калтырды

Жогорку Сот Ахматбек Келдибековду 27-июнга чейин баш коргоо чарасы менен абакта калтыруу боюнча чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 27-май күнү билдирди.
Белгилүү болгондой, бүгүн Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы А.Келдибековдун жактоочусу Т.Чильникованын Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча көзөмөл арызын карамак. Бирок жактоочу арызын кайтарып алгандыгына байланыштуу иш кыскартылды. 
Белгилей кетсек, кечээ, 26-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн абакта бир айга, ушул жылдын 27-июнуна чейин узарткан. 

Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 2013-жылы 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Stalker-007
2014-05-27 12:05:05
Келдибековду соттош керек. аны неге эле артка жылдырып жатышканы тушунуксуз.
-3
tairbek.
2014-05-27 12:23:22
Stalker-007, далили жок соттой албайт жон эле кысымга алып отурат
+1
doooron
2014-05-27 12:15:20
Кысым бир тарапка дагы деле болуп жатабы дейм? Иса омуркуловду эмнеге сизого олтургузуп соттобойт деген суроо жаралат экенда карап корсон.
+3
tairbek.
2014-05-27 12:21:57
doooron, иса атамбайдын адамы
+2
Dadin
2014-05-27 12:32:43
Бийликте ким болсо ошонун айтканы чындык(кто у власти тот прав)деген теория болуп жатат да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан