Алмазбек Атамбаев "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" мыйзамына кол койду

Алмазбек Атамбаев "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу 27-майда президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган документ КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган. Мыйзам резерв тармагын түзүү, толуктоо, сактоо, колдонуу, алмаштыруу жагын жөнгө салат. Өлкө башчы кол койгон мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ал эми 1999-жылдын 16-июлундагы №75-мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөгү мыйзам күчүн жоготту деп табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан