Балыкчы шаарында 10-июнда өсүмдүктөрдү тамчылатып сугаруу боюнча семинар өтөт

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 10-июнда “Жашылча-жемиштерди тамчылатып сугаруу” деген темада бир күндүк семинар өтөт. Муну бүгүн, 27-майда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен билдиришти. Семинарга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, аталган министрликтин башчысы Таалайбек Айдаралиев, облус башчысы Эмил Каптагаев жана өлкөнүн бардык облустарынан келген фермерлер катышары айтылды.  

Иш-чарада өсүмдүктөрдү жаңы технологиялар менен сугаруу боюнча тасма көрсөтүлүп, дыйкандар бири-бири менен тажрыйба бөлүшмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан