Муфтият: Өлкө түштүгүндө ажылык сапарга баруучуларды каттоо көзөмөлдө

Өлкө түштүгүндө быйылкы ажылык сапарга баруучуларды каттоо көзөмөлдө. Муну бүгүн, 27-майда муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ажылык жана умра бөлүмүнүн башчысы Мухаммад Анаркулов, ажылык жана умра бөлүмүнүн башкы адиси Маратбек Усупов жана республикалык штабдын жетекчиси Замир Ракиев түштүк жергесине "Ажылык-2014" каттоо иштерин көзөмөлдөө үчүн жөнөп кетишкени айтылды. 
"Ажылык боюнча район, облустарда, жергиликтүү калк арасында ажылыкты каттоо иштерин жүргүзүп жатышкан казыяттардагы иш-чаралар боюнча жакындан таанышып, калкка ажылык сапардын жол-жоболору дагы бир жолу түшүндүрүлөт. Быйылкы ажылык сапарды ачык, таза, так жана калыс өткөрүү максатында ажылыкты каттоо иштерин көзөмөлдөө өлкбүздүн бардык облустарында жүргүзүлмөкчү",- деп айтылат билдирүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан