Мамлекеттик салык кызматы 26-майга карата салык төлөөчүлөр бирдиктүү салык декларациясын тапшырганы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, милдеттүү түрдө 451,5 миң салык төлөөчү бирдиктүү декларациясын тапшырышы керек болсо, анын 339,3 миңи тапшырган. Алардын 225,1 миңи жарандар болсо, 35,8 миңи уюмдар жана 78,4 миңи жеке ишкерлер. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 27-майда билдирди.
Эске салсак, 2013-жыл боюнча бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу 2014-жылдын 1-июлуна чейин узартылган.