Чүй облусунда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 6 жашар бала ооруканага жеткирилди

Чүйдө адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы иликтенүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 27-майда Чүй  ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, Аламүдүн районундагы айланып өтүүчү жолдон ВАЗ-2107 жана Мерседес-Бенц унаалары кагылышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган унаалар жолдун бир тарабында келе жаткан маалда ВАЗ-2107 унаасы оң тарапка бурулган, бул учурда Мерседес-Бенц катуу ылдамдыкта келип сүзгөн. Унаалардын кагылышуусунан ВАЗ-2107 унаасында жүргүнчү болуп бара жаткан 1974-жылы туулган айым окуя болгон жерде каза таап, анын 6 жаштагы баласы ооруканага жеткирилген.

Бул жол кырсыгы учурда иликтенүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан