Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. 2014-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган бул мыйзам "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" мыйзамдагы "коомдук кеңеш" аталышы менен ылайык келтирүүгө багытталган. Ага ылайык, коомдук кеңештер министрликтер жана мамлекеттик комитеттер алдында гана эмес, ошондой эле администрациялык ведомстволордун алдында да түзүлүшү мүмкүн.