Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорун кабыл алды

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-майда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда мамлекет башчы 2014-жылдын 3-февралында КРнын Диний иштер боюнча Коргоо кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдин аткарылышы жөнүндө маалымат алды. 

Ошондой эле 2014-2020-жылдарда Кыргызстандагы дин тармагындагы мамлекеттик саясаттын жаңы концепциясынын иштеп чыгууга дайындалган Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун ишмердүүлүгү боюнча кабардар болду. Өлкө башчы дин тармагында мамлекеттик саясатты жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.  

“Диний жакта эффективдүү саясат жүргүзүү мамлекеттин стабилдүү өнүгүшүнө түзүлүүчү маанилүү шарттардын бири",- Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан