2013-жылы Кыргызстандын 667 902 жараны Орусиянын аймагына кирсе, 2012-жылы бул көрсөткүч 546 100 адамды түзгөн. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Миграциялык кызматынын маалыматына шилтеме берүү менен Кыргыз Республикасынын аталган өлкөдөгү элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
2013-жылы КРнын 576 206 жараны (2012-жылы 410 321) Орусиянын аймагынан чыккан. Иштөөгө уруксат алган кыргызстандык жарандардын саны 2013-жылы 88 809 (2012-жылы 86
097) болгон.
Ошондой эле өткөн жылы 92 819 жаран патент алса, 2012-жылы 67 146 адам патент алганы белгилүү болду.