Бишкектин "Орто-Сай" базарында өрткө каршы көз карандысыз кошуундар жок. Муну 26-майда Бишкек мэриясында өткөн аппарат жыйынында Шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Зарылбек Алжанов билдирди. "Бардык базарларда өрткө каршы көз карандысыз кошуундар уюштурулушу керек. Бирок "Орто-Сай" базарында алар жок",- дейт Алжанов. Өрт коопсуздугу боюнча аталган базардын жетекчилигинин ишиндеги кемчиликтер айтылды.
Базарды текшерүү 20-майда жүргүзүлгөн.