"32 жаштагы айымдын унаасын уурдай качкан" деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 32 жаштагы Марина аттуу Бишкек шаарынын тургуну өз унаасын унаа оңдоочу жайга калтырып кеткен мезгилде белгисиз адамдар анын унаасын уурдай качышкан. Ыкчам аракеттин натыйжасында "унааны уурдаган" деген шек менен Адилет жана Эдил аттуу Бишкек шаарынын жашоочулары кармалышты. Иликтөө уланууда.