Бурятияда катталган жол кырсыгынан кыргызстандык айым каза тапты. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары бүгүн, 27-майда маалымдашты.
Белгилүү болгондой, Бурятиянын борбору Улан-Удэ шаарынан Рено-Логан унаасынын 30 жаштагы айдоочусу жолдогу жөө жүрүүчүлөрдүн өтмөгүнөн 43 жаштагы кыргызстандык айымды сүзүп кеткен.
Жол кырсыгынан кыргызстандык айым бир катар оор жаракаттарды алгандыктан, ооруканада өзүнө келбей көз жумган.