Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 27-майда Каракол шаарында "Дары-дармекти патенттик коргоонун укуктук жана практикалык аспектилери" деген темада көчмө жыйын өткөрүп жатат. ЖКнын басма сөз кызматынын билдиришинче, көчмө жыйындын катышуучулары дары-дармек тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулашууда.
Жыйынга өкмөттүн, Интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк уюмунун, Армениянын, Азербайжандын, Грузиянын, Казакстандын, Орусиянын, Өзбекстандын, Украинанын патенттик мекемелеринин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып жатканы айтылууда.