Башкортостан өлкөсүндө кылмыштуу топтун мүчөсү болгон кыргыз жараны 25 жылга эркинен ажыратылды

Башкортостандын борбору Уфа шаарында ири көлөмдө баңгизатын таратуу фактысы боюнча 16 адамдан турган кылмышкерлер тобу соттолду. Бул топтун арасында бир кыргыз жараны да бар. Мындай маалымат чет элдик маалымат булактары аркылуу кабарланды.

Иликтөө иштеринде бул уюшкан кылмыштуу топ Башкортостан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн жана Орусиянын Оренбург, Тюмень облустарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөнү маалым болду. Булар Уфа шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн алдында жана көчөлөрдө жашыруун баңгизаттарын сатуу жана аларды ташуу менен алектенип келишкендиги белгилүү болду.  

Соттун чечими менен аталган кылмыштуу топтун ар бир мүчөсү 25 жыл эркинен ажыратылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан