Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 600 миллион сом бөлүндү. Муну ички иштер министри Абдулда Суранчиев бүгүн, 27-майда Тармакты реформалоо жана системди өнүктүрүү кеңешинин отурумунда айтты.
Айтымында, бул каражат милиция кызматкерлеринин айлыгын аскерлердин жана башка күч кызматкерлеринин айлык акысына теңдөө максатында бөлүнгөн. Ал эми айлыктардын көтөрүлүшү кызматкерлердин иш тажрыйбасына жараша болот.